Темирбекова Айнура Кубанычбековна. Өмүр баяны

© Sputnik / Таалай ОроскуловКыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм боюнча министринин орун басары Темирбекова Айнура Кубанычбековна
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм боюнча министринин орун басары Темирбекова Айнура Кубанычбековна - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм боюнча министринин орун басары Темирбекова Айнура Кубанычбековна 1966-жылы 7-апрелде Бишкек шаарында туулган.

Үй-бүлөлүү, үч баланын энеси. Кыргыз, орус жана англис тилдерин мыкты билет.

 

  • 1972-1983 — №38-мектеп, Бишкек (мыкты бүтүрүүчү).
  • 1983-1988 — Ленинграддын киноинженерлер институту (Санкт-Петербургдун кино жана телеберүү университети), электр-механикалык факультет, адистиги "үн техникасы".
  • 1996-1998 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, экономика факультети, адистиги "каржы жана насыя".
  • Август, 1988 — июнь, 1993 — "Кыргызфильм" киностудиясы, I категориядагы үн оператору.
  • Июнь, 1993 — декабрь, 2009 — "Интерфакс" маалымат агенттиги (Москва), Кыргызстан боюнча өз кабарчы.
  • Декабрь, 1994 — декабрь, 2001 — "Банковский вестник КР" журналы, башкы редактор.
  • Июнь, 1995 — июль, 1998 — КРдин Улуттук банкы, маалымат катчысы.
  • Апрель-декабрь, 2001 — Дүйнөлүк банк тарабынан каржылануучу айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү, коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчи.
  • Декабрь, 2001 — ноябрь, 2002 — "ТРК "НТС" ЖЧК (ВОССТ), башкы директор.
  • Ноябрь, 2002 — апрель, 2004 — Дүйнөлүк банктын "Кошумча айыл чарба кызматтарына колдоо көрсөтүү" долбоору, "Агропресс" айыл чарба басылмаларынын (гезит, журнал) башкы редактору.
  • Ноябрь, 2003 — декабрь, 2004 — Дүйнөлүк банктын КРдин президентинин алдындагы "Жакырчылыкты кыскартуу стратегиясына институциялык колдоо көрсөтүү" долбоору, "Новые перспективы" журналынын башкы редактору.
  • Май, 2003 — ноябрь, 2005 — "Винрок Интернэшнл" (USAID), "Фермер фермерге" программасы, ЖМК менен байланыш боюнча кеңешчи.
  • Ноябрь, 2004 — ноябрь, 2005 —DFID SLLPC долбоору (Айыл коомчулуктарында кирешени жана ишти жогорулатууну камсыз кылуу), PR адиси.
  • Ноябрь, 2005 — сентябрь, 2006 — КООРТ жабык акционердик коому, башкы продюсер.
  • Март, 2009 — март, 2010 — Чүй областынын мамлекеттик администрациясы, губернатордун маалымат катчысы.
  • Апрель, 2010 — март, 2011 — ЮНИФЕМ (БУУ Аялдар), ЖМК менен иштөө боюнча кеңешчи.
  • Февраль, 2003 — август, 2013 — PR Consult ЖЧКнын коомчулук менен байланышты өнүктүрүү боюнча россиялык-кыргыз агенттигинин башкы директору.
  • Ноябрь, 2011 — апрель, 2012 — айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү, Дүйнөлүк банктын "Айыл чарба инвестициялары жана кызматтар" долбоору, байланыш боюнча адис.
  • Июль, 2012 — август, 2013 — "Ашар — жалпынын иши" коомдук кайрымдуулук фондунун аткаруучу директору.
  • 2013-жылдын 28-августунан азыркы күнгө чейин —КРдин маданият, маалымат жана туризм боюнча министринин орун басары.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0