БШК жетекчиси Бишкек шаардык кеңешине кайсы партиялар өткөнүн айтты

© Фото / Нургазы ЧыныбековБишкек шаарынын мэриясы. Архив
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда автоматтык урналардын жыйынтыктары жана кол менен саноодон алынган жыйынтыктын 40 пайызы келди.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоонун алдын ала жыйынтыгы тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, жекшемби күнү республика боюнча 22 шаарда шайлоо өтүп, ага шайлоочулардын 43,48 пайызы же 255 миң 520 адам катышкан. Учурда автоматтык урналардын жыйынтыктары жана кол менен саноодон алынган жыйынтыктын 40 пайызы келди. 

"Акыркы жыйынтык кол менен саноо толук аяктагандан кийин белгилүү болот. Шаар парламенттерине жети пайыздан кем эмес добушка ээ болгон партиялар өтөт", — деди Шайлдабекова.

БШК төрайымы Бишкек шаардык кеңешке алдын ала маалымат боюнча КСДП — 26,74 пайыз, "Республика — Ата-Журт" — 25,65 пайыз, "Өнүгүү — Прогресс" — 16,23 пайыз, "Мекеним Кыргызстан" — 13,87 пайыз жана "Кыргызстан" — 10,02 пайыз менен өттү.

Партиялар Бишкек шаардык кеңештеги орун үчүн канча каражат короткону тууралуу Sputnik Кыргызстандын материалынан окуй аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0