09:51 09 Бештин айы 2016
Түз эфир
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын архивдик сүрөтү

Атамбаев эмне себептен Салянова менен иштешүүдөн баш тартканын айтты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Алмазбек Атамбаевдин 2016-жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйыны (9)
202521

Бүгүн мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп жатат.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев журналисттер үчүн өткөрүп жаткан маалымат жыйында Аида Салянова тууралуу буга чейинки пикири жаңылыш болгонун билдирди. 

Мамлекет башчынын айтымында, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова коррупция менен күрөшүмүш эткен фигура экени белгилүү болуп калган. 

"Бир күнү Мухаммед пайгамбарга эл келип буудай менен жүгөрүнүн кайсынысын эгүү керек деп сураптыр. Пайгамбар кеңеш берет, бирок анын айтканы күзүндө өнбөй калат. Мен да адаммын — мен да адашам. Катамды анын (Салянова — ред.) күйөөсү пара алып жаткандыгы тууралуу маалымат түшө баштаганда билдим", — деп билдирди Атамбаев. 

Ал буга чейин күйөөсү эмне кылып жатканы тууралуу айтып, эскертүү бергенин ырастады. 

"Карачы, күйөөңдүн эмне кылып жатканын деп айткам. Мен ага ишенгем. Ушундай адатым бар — жанымда жүргөн адамдарга ишене берем. Көмүр боюнча коррупциялык иштер тергелип жаткан маалда эмгек өргүүсүнө чык деп да кеңеш бергем", — деди президент. 

Мамлекет башчы айрымдар Салянованын күйөөсүнөн корккондой президенттен да коркпой калган кырдаал түзүлгөнүн белгиледи. 

"Баары кокусунан ачылып калды. Мага энергетика министри Осмонбек Артыкбаев келип, кимдир-бирөө көмүр алып келүүгө жолтоо болуп жатканын айтты. Андан корккондой президенттен да коркушпайт имиш. Көрсө, ал адам Салянованын күйөөсү экен. Бул коррупция менен күрөшүмүш болгон адамдын оюну болуп калды. Эми эскирүү мөөнөтү эле болбосо жасаган кылмышы үчүн баары жооп берет", — деп билдирди Атамбаев. 

Президент ушундай окуядан кийин Салянова менен иштешпөө чечимин чыгарганын кошумчалады. 

Президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйынынын тексттик онлайн трансляциясын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Тема:
Алмазбек Атамбаевдин 2016-жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйыны (9)

Тема боюнча

Депутаттардын аты аталган Белиз документтери боюнча сурам жөнөтүлдү
УКМКнын депутаттар жана Megacom тууралуу маалыматын прокуратура текшерет
Белгилер:
маалымат жыйын, Аида Салянова, Алмазбек Атамбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ