БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков башында турган кыргыз делегациясы КМШ мамлекеттеринин парламенттер аралык ассамблеясынын жана ЖККУнун парламенттик ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Парламенттик делегация жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт.
Кыргызстандын делегациянын катарында Алмаз Баатырбеков, Мурадил Мадеминов, Мирлан Бакиров, Каныбек Иманалиев, Руслан Казакбаев, Максат Сабиров, Алмасбек Акматов бар.