Порошенкону тамашалоого катыштыгы бар деп КР дипломаттары айыпталууда

© Sputnik / Михаил Палинчак / Медиабанкка өтүүУкраинанын президенти Петр Порошенконун архивдик сүрөтү
Украинанын президенти Петр Порошенконун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пранкер Вован деген лакап ат менен белгилүү Владимир Кузнецов "Украинанын президенти Петр Порошенко менен Кырызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан" сүйлөшкөнүн Интернетке жарыялады. Украина президентинин маалымат катчысы бул тамаша болгонун моюнга алган.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Пранкерлердин Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан Украинанын президенти Петр Порошенко менен сүйлөшүүсүн уюштурууга КР Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери да катышуусу мүмкүндүгүн Украина президентинин маалымат катчысы Святослав Цегалко өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Украинанын президенти Петр Порошенконун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев менен Порошенконун бүйүр кызыткан "сүйлөшүүсү" интернетке чыкты
Буга чейин Пранкер Вован деген лакап ат менен белгилүү Владимир Кузнецов "Украинанын пезиденти Петр Порошенко менен Кырызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан" сүйлөшкөнүн Интернетке жарыялаган.

Цегалко өз билдирүүсүндө чындап эле Украина президентин тамашага салуу болгонун тастыктады. Ал ошондой эле бул аракеттин артында Украинага каршы "гибриддик согушту" жүргүзүп жаткан Россиянын атайын кызматтары турганын да айтты. Андан сырткары, бул кадамды ишке ашырууда кыргыз тарап да жардам бергенин кошумчалаган.

"Башка мамлекеттин атайын кызматтары мындай нерсени уюштура алат. Изилдөө көрсөткөндөй бул аракеттерге Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлеринин да тийиштиги болгон. Алар КР президентинин администрациясынын телефондорун беришкен. Мунун баары болгондон кийин бир канча күн бою Украинадан болгон телефон чалууларга жооп беришкен эмес", — деди Цеголко.

2-ноябрда Украинанын президентинин расмий сайтында Порошенконун Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен болгон сүйлөшүүсү тууралуу маалымат жарыялаган. Ал эми Кыргызстандын президентинин аппараты өлкө башчысы украиналык кесиптеши менен сүйлөшпөгөнүн билдирип, бул тамаша болушу ыктымалдыгын айткан. Кийинчерээк Украинанын президентинин сайтынан бул маалымат алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0