Депутаттыктан түшкүсү келбегендер. Кимдер кайсы партияга өтө качты

Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 11-декабрында бишкектиктер шаардык кеңештин жаңы курамын шайлайт. 45 орун үчүн 14 партия ат салышат. Sputnik Кыргызстан агенттиги учурдагы кеңештин канча депутатынын кийинки чакырылышка да келүү ниети бар экенин аныктап көрдү.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кыргызстан шайлоо алдында талапкерлер бир партиядан экинчи партиянын астанасын аттап кете берген көрүнүшкө көнүп деле бүткөн.

Мунун себеби көп: кээде партия тарап кетет же утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү аз, көп учурда тизмедеги орун да маанилүү, анткени алы-ыс тургандан көрө аты жаңы чыгып келе жаткан уюмдун алдыңкы катарында болуу артык. Албетте, мындай өз ара жазылбаган мыйзамдардан 11-декбарда өтө турган Бишкек шаардык кеңештин шайлоосу да четте калбайт.

Көздүү мончок

Шаардык кеңештин кадыры бир топ эле — кантсе да депутаттардын Бишкектин мэрин алып түшүп, ордуна жаңысын шайлоо укугу бар. Демек шайлоодо уткан партия өлкөнүн борбор калаасын бүтүндөй көзөмөлгө алат. Андыктан, атаандаштыктын күч болушу — 45 мандат үчүн 14 партиянын күч сынашып жатканы анча деле эрөөн эмес.

Учурдагы абал

Шайлоо жыйынтыктарын саноо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Партиялардын тизмесинин биринчи ондугу — Бишкек шаардык кеңешине талапкерлер
Бүгүнкү күндө иштеп жаткан шаардык кеңеш 2012-жылы келип, төрт партиядан куралган. Эң көп 21 мандат КСДПнын куржунунда, "Республиканыкы" — 11, "Ата Мекендики" — 7, ал эми "Замандаш-Современник" алты мандатка ээ. Бирок бул курамдын өмүрү ушул чакырылыш менен аяктайт шекилдүү.

Акыркы эки партия шайлоого катышуудан баш тартты, ал эми "Республика" аттуу партия азыр жок, 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоонун алдында ал "Ата-Журт" партиясы менен биригип кеткен. Ал эми "Замандаш" менен "Ата Мекендин" депутаттары баш паанексиз калган жок, башка партиянын катарынан мандат алууга белсенип турушат. Анча-мынча кадрдык өзгөрүүлөр берки эки партияны да кыйгап өткөн жок.

Sputnik Кыргызстан агенттиги учурдагы чакырылыштын канча депутаты кайсы партиялардын катарынан мандатка ээ болууга ашыгып жатканын иликтеп көрдү.

Баш тарткандар

Учурда иштеп жаткан Бишкек шаардык кеңешинин төрттөн бир бөлүгү же 11 депутат алдыда боло турган шайлоого катышпайт, алардын катарында "Замандаш-Современник" фракциясынын лидери Анарбек Сарымсаков да бар. Аны менен бирге шайлоодо ат салышуудан аталган партиядан дагы үч депутат, төрт социал-демократ жана үч ата мекенчи баш тартты. Депутат болууга мурдагы "Республика" фракциясынын өкүлдөрү көбүрөөк ынтызар экени, бирок шайлоого башка партиянын желеги алдында бара турганы белгилүү болду. 

Эски дос эстен кетпейби?

Выборы в президенты Кыргызстана 2011 - Sputnik Кыргызстан
Шайлоо келе жаткандыгынын 15 белгиси
КСДПнын учурдагы 14 депутаты кайрадан партиянын тизмесине кирген. Бирок спикер Алмаз Кененбаев менен фракциянын лидери Лев Васиельев биринчи ондукта болсо, айрымдары таптакыр эле артка кеткен. Мисалы, Жапаралы Кадыралиев 41-орунда болсо, Артем Иванов 69-сапка илинген.

Башында фракция лидери Канатбек Музуралиев башында турган "республикачылардын" беш депутаты РАЖдын катарына кирген. Калган алтоо башка партиянын катарынан ат салышмай болду.

Так текелер

Эми КСДПнын тизмесинде үч мурунку "республикачы" катталган, анын эң эле алдыда делген 8-катарында Эрнис Докенов турат. Анын тилектештери Асел Пирматова 15, ал эми Хасанбек Алимбеков 34-орунга келген.

КСДПнын да катары суюла түштү. Майя Жумакеева менен Калыбек Чепеев "Кыргыстанга" "кетсе", Василий Дашков "Мекеним Кыргызстанга" өттү.

Партияларды демдеп-күчтөгөн донорлор менен демөөрчүлөр

Шайлоодон баш тарткан "Ата Мекен" менен "Замандаш-Современник" кайсы бир деңгээлде даяр талапкерлердин устаканасы болду десек жарашчудай.

"Ата Мекендин" Рыспай Аматов, Таалайбек жана Аликбай Сариевдер "Өнүгүү — Прогресстин" алдыңкы катарынан орун алышса, Казыбек Эргешов РАЖ тизмесине жетинчи болуп кирди.

"Замандаш-Современник" фракциясынын алты депутатынын экөө шайлоого катышууга белсенип жатат. Увазарбек Адылбеков "Кыргызстандын" тизмесинде бешинчи болсо, Жамалбек Ырсалиев "Жаңы доор" деп аталган саясий уюмда биринчи болуп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0