Гезиттеги кеп. Камалат делген атамекенчилер, чыры бүтпөгөн мектеп

© Sputnik / Расул Усеналиев"Фабула" гезитиндеги макала
Фабула гезитиндеги макала - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы басылмаларга чыккан кептерге абай салып, жума сайын гезит-журналдарды барактайбыз. Бул тууралуу каармандар же алардын жакындары эмне дейт.

Окуучунун эмес, завучтун таламын талашкан депутат

"Фабула" гезити 11-ноябрда чыккан санында "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова №61 мектептин окуучусун сабаган окуу бөлүмүнүн башчысы Людмила Макарованы коргоп чыкканын жазды.

"Эмнеге басым-кысым көрсөтүлүп, психологиялык жактан жабыр тарткан окуучунун укугун эмес, зөөкүр мугалимдин укугун талашып жатканы түшүнүксүз. Күбүр-шыбырга караганда шайлоодо "Республика — Ата-Журт" партиясына катуу жардам көрсөтүптүр. Сыягы ошол эмгегин актагысы келип жатат көрүнөт", — деп жазат аталган гезит.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Алтынай Өмүрбекова түзүлгөн бул абалды айрымдар саясатташтыргысы келип жатканын билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Сегизбаев Megacom ишканасын сатууга үч депутат кызыкдар болгонун президентке айтты
"Мен аталган мектепте түзүлгөн кырдаал боюнча өз оюмду Facebook баракчама жазгам. Ал жакта иштеген директорго жана мугалимдерге мен ишенем. Башкысы — биз объективдүүлүктөн тайбашыбыш керек. Айрым тараптар абалды саясатташтырып жатат. Балага жардам беребиз деп жаткандар ошол эле учурда балага зыян келтирип жатат. Албетте, мен баланын ата-энесинин абалын түшүнөм. Бала үчүн ар бирибиз чуркайбыз. Мен бул жерде актангым келбейт. Ошол эле учурда мени билген кишилер ар кандай жазылган нерселерге ишенбей, менин айткандарыма туура баа берерин билем", — деди эл өкүлү.

Ал ошондой эле мектептеги окуучулардын ата-энелери да тынчсызданып жатканын айтып, улам-улам текшере берип, 2,5 миңден ашык баланын да укугун да тебелебейли деген пикирин билдирди.

Шыкмаматов камалабы?

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов, Өмүрбек Текебаев жана Аида Салянованы Megacom ишине байланыштуу жакын арада камала турганы социалдык тармактарда айтылууда. Алардын күнөөсү бар экенин далилдеген документтер да бар экени кеп болуп жатат.

Эл өкүлү Шыкмаматов алардын күнөөсүн далилдеген документтер бар деген маалыматты четке какты.

"Бул маалыматтардын баары жалган. Президенттин алдына алып келип көргөзүп шоу кылып жаткандардын баары жасалма документтер. Буга мен бөркүмдөй ишенем. Анткени биз ал жакта жокпуз. Бул карандай калп", — деди эл өкүлү.

Шыкмаматов ошондой эле алардын күнөөсү, тийиштиги жок экенин далилдеп берүү үчүн керек болсо 7-апрелде каза болгон балдардын бейитине барып карганып бергенге да даяр экенин кошумчалады. Андан сырткары, бардык ресурстар — радио, гезит, телеканал бийликтин колунда болгондуктан, кандайдыр бир убакытка чейин аларды каралоо капманиясы жүрөрүн баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0