Өмүрбек Текебаев референдум дайындоо мыйзамына "макулду" басып алды

© Фото / пресс-служба ЖК КР"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин архивдик сүрөтү
Ата Мекен фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата Мекен" лидери Өмүрбек Текебаев баш болгон бир канча партиялаштары Баш мыйзамды өзгөртүүгө караманча каршы чыгып келишкен.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Референдум жолу менен Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгып келген "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбооруна "макул" деген кнопканы басып алды. 

Бул тууралуу Текебаев добуш берүү учурунда билдирди. 

Эске сала кетсек, аталган мыйзам долбооруна 90 депутат макул, 15 депутат каршы деген добуш берген.

"Мен дароо эле айтып чыктым. Каршы берем деп жатып "макулду" басып алдым. 89 макул деп эсептегиле", — деди Текебаев. 

Спикер Чыныбай Турсунбеков эл өкүлүнүн сөзү стенограммага жазылып алгандыгын, пикири эске алынарын белгиледи.

Эске сала кетсек, аталган мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатканда "Ата Мекендин" дагы бир депутаты Алмамбет Шыкмаматов да "макул" деп добуш берип алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0