БИШКЕК, 2-ноя.— Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Индияга расмий сапар менен бара турганын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Сапар тууралуу Кыргызстандын ТИМ жетекчиси Эрлан Абдылдаевдин индиялык кесиптеши Мушабар Джавад Акбар башында турган делегация менен жолугушуусу учурунда белгилүү болду. Азырынча расмий сапардын күнү тактала элек.
Жолугушууда Кыргызстан менен Индиянын соода тармагында, аймактык коопсуздукту чыңдоо, ошондой эле эл аралык уюмдардын мамилесин бекемдөө өңдүү маселелер талкууланды.