14:34 07 Бештин айы 2016
Түз эфир
Ата Мекен фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун архивдик сүрөтү

Баш мыйзамды өзгөртүүгө караманча каршы чыккан Шыкмаматов "макул" деп добуш берип алды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Референдум жолу менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү (73)
86410

Шыкмаматов добуш берүү аяктагандан кийин сөз сүйлөп, "макулду" адашып басып алганын айтты.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Баш мыйзамдын өзгөрүшүнө каршы турган "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов референдумду дайындоо мыйзам долбооруна "макул" деген добушун берди. 

Эске сала кетсек, аталган мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, 90 депутат макул, 14 эл өкүлү каршы чыккан. 

"Биз Садык Шер-Нияз экөөбүз каршы добуш беребиз деп жатып "макулду" басып алыптырбыз. Андыктан эки добушту кем кылып, 88 деп эсептеш керек", — деди Шыкмаматов. 

Белгилей кетсек, "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Өмүрбек Текебаев, Аида Саляновалар талкуу учурларында караманча каршы чыгып, Баш мыйзамды өзгөртпөө керектигин айтып келишкен. 

Тема:
Референдум жолу менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү (73)

Тема боюнча

Референдум дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун 90 депутат колдоду
Кызыл чеке талаштан соң референдум дайындоо демилгеси добуш берүүгө жөнөтүлдү
Белгилер:
Баш мыйзам, добуш, Алмамбет Шыкмаматов

ЭҢ МААНИЛҮҮ