БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Жарандык авиация агенттигинин директору Эрмек Өмүралиев ээлеген кызматынан бошотулганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрь күнү кол койду.
Эрмек Өмүралиев аталган агенттиктин жетекчилигине 2015-жылдын 17-ноябрында дайындалган.