Президент Атамбаев: Грузия мен элестеткендей экен

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев и лидер Грузии Георгий Маргвелашвили
Президент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев и лидер Грузии Георгий Маргвелашвили - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-грузин кызматташтыгынын эки тараптуу өз ара иш-аракеттеринин бардык багыттары боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. КР президенти Алмазбек Атамбаев менен Грузия жетекчиси Георгий Маргвелашвилинин ортосунда кеӊейтилген курамдагы сүйлөшүүлөр болгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, Атамбаев Грузияга иш сапар менен кечээ, 12-сентбярь күнү келген.

Маргвелашвили өз өлкөсүнө келген Кыргызстан президентин чын дилинен куттуктап, анын сапарын тарыхый визит деп атады. Ал коопсуздук, экономика жана билим берүү боюнча келишимдерге кол коюу эки тараптуу катнаштарды тереӊдетүүгө түрткү берерине ишенерин билдирди.

"Ар кайсы саммиттерде жана жолугушууларда президент менен көзмө-көз жолугуп сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүгүбүз аз болду. Азыр калыптана баштаган достук мамиле менен ымала биздин өлкөлөр ортосундагы мамлекеттик дагы, маданий жана коомдук дагы деӊгээлде алака-катыштарды жандантат деп ишенем", — деди Маргвелашвили.

Президент Алмазбек Атамбаев прибыл с официальным визитом в Грузию - Sputnik Кыргызстан
Раиса Атамбаевага Грузия ажосунун жубайы башлык тартуулады
Өз кезегинде Атамбаев жылуу кабыл алганы үчүн кесиптешине ыраазылык билдирди.

"Мен Тбилисиге келгениме кубанып турам. Шаар, албетте, мага абдан жакты. Ал көп фильмдерден, китептерден көрүп, окуп мен элестеткендей экен. Мен бала чагыман грузин китептерин, ырларын көп окугам. Сиздин кеӊсеге жакын келгенде Николоз Бараташвилинин эстелиги турат. Эртеден бери символикалык иш чаралар болду, биз курман болгондордун эстелигине гүлчамбар койдук, ошондо мен маркум фронтовик атамды эстедим. Балким, атам мене кошо грузиндер да согушкандыр", — деди мамлекет башчысы.

Президент эки өлкөнү көп нерсе байланыштырып турарына токтолду. 

"Сиздер менен бирге койгон максттарды ишке ашырууга тийишпиз деп ойлойм. Андан башка да сиздерден көп нерсени үйрөнгүбүз келет", — деди Атамбаев.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-грузин кызматташтыгынын эки тараптуу өз ара иш-аракеттеринин бардык багыттары боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0