ЖК комитети Баш мыйзам боюнча референдум өткөрүү демилгесин колдоду

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, архивдик сүрөт
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган мыйзам долбооруна ылайык, Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду 4-декабрь күнү өткөрүү сунушталууда.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинде референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору каралып, демилге колдоого алынды.

Жогорку Кеңештеги депутаттын орунунун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Мавлян Аскарбеков: Жогорку Кеңешти таратуу боюнча кол топтоону баштадык
Талкуу учурунда депутаттар кызыл чеке болуп, талаш-тартыш менен араң бир пикирге келишти.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбооруна ылайык, Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду 4-декабрь күнү өткөрүү сунушталууда.

Мыйзам долбоору каралып башталары менен "Бир-Бол" фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев Конституцияны өзгөртүү демилгеси кимге таандык экенине жана мыйзамды ким жазганына кызыкты. 

"Жаңы Конституциянын текстин ким жазды? Жакшылап карап көрсөм, тексттер 2003-2007-жылкы сунушталган Конституцияга окшош экен. Ушунча жылдан бери дасыккан адис даярдай алган жокпузбу? Мен көрүп турам, Иса Шейшенкулович сизге даяр текст алып келишкен", — деди Абдылдаев. 

Кыргыз Республикасынын конституциясынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Өмүркулов: Баш мыйзамдагы айрым өзгөртүүлөр Атамбаев кеткенден кийин күчүнө кирет
Аталган суроого КСДП лидери Иса Өмүркулов жооп берип, мыйзамды бир канча депутаттар юристтер менен кошо жазганын айтты.

Ал эми "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов Конституция өзгөртүлсө президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилет деген пикирин билдирди. Буга Өмүркулов, "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдор президенттин ыйгарым укуктары ошол бойдон каларын айтып чыгышты.

"Бир Бол" фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова айтылган сунуштар эске алынбай калганын баса белгиледи.

"Мен башында эле демилгеге каршы чыккам. Өз сунуштарымды кат түрүндө демилгечилерге жөнөткөм. Тилекке каршы, айрым эле сунуштар эске алынып, көпчүлүгү кирбей калыптыр. Мыйзам долбоору ЖКга катталган соң биз өзгөртүү киргизе албайбыз. Маселе ушунда", — деди Жакупова. 

Мыктыбек Абдылдаев депутаттарды регламентти бузбоого, эреже боюнча Конституцияны эмес, референдум өткөрүү маселесин талкуулого чакырды.

Добуш берүүгө келгенде референдум өткөрүүгө 9 депутат макул болду. Эскерте кетсек, аталган комитетте 16 эл өкүлү бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0