00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Интернет вместо учебника: почему молодёжь лучше запоминает историю через живые форматы
16:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Микрокредиты: мифы, ставки и реальность - глава АМФО о том, как устроен рынок
18:11
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Максимальный репост
Устал отдыхать: психолог - о том, почему длинные выходные не восстанавливают
20:10
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуу мезгилде сак бол! Тамактан уулануунун кантип алдын алабыз?
21:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Село Оттук и «Монументы Победы»: как восстанавливают памятники ВОВ в Кыргызстане
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ажылыктын талаптары кандай өзгөрдү — ажылыкка 6060 кыргызстандык барат
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Кто управляет вашим домом: как работают ТСЖ и что меняет новый законопроект КР
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы жана "Өчпөс полк" жүрүшү
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кто переписывает историю и зачем: разговор с историком Эсеном Усубалиевым
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал Кыргызстандын туристтик рыногуна таасирин тийгизеби?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Атамбаев Баш мыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жактырды

Жазылуу
Өлкө башчы депутаттардын мындай чечими Кыргызстандын көз карандысыздыгын бекемдөө, адилет жана натыйжалуу саясий система түзүүгө карай жалпы багытты колдоо катары бааланат.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев өлкө Конституциясына оӊдоолордун демилгечилери сунуштаган соӊку текст менен таанышкан соң бул мыйзам долбоорун колдой турганын билдирди. Бул тууралуу өлкө башчынын мааламыт кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика-Ата-Журт" фракциялары референдум жолу менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөргөн. Бул коомчулукта ар кандай кайчы пикирлерди жаратып келет.

"Жогорку Кеңештин депутаттары мамлекет башчысы жактырган Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү элдин өзүнө чечкенге мүмкүнчүлүк берип, мыйзам долбоорун референдумга коёт деп ишенем", — деп билдирди президен. 

Өлкө башчынын айтымында, депутаттардын мындай чечими Кыргызстандын көз карандысыздыгын бекемдөө, адилет жана натыйжалуу саясий система түзүүгө карай жалпы багытты колдоо катары бааланат.

"Өз элинин жана өлкөсүнүн келечеги үчүн биримдикке келген учурлар ар бир мамлекеттин тарыхында кездешет. Кыргызстандын эли жана Жогорку Кеңеш президент Атамбаевдин мамлекет жана мамлекеттик ишмердигинде эч качан жеке максаттары болбогонуна өткөн беш жылда ынанды деп ойлойм. Кыргызстандыктар жана депутаттар чагымчыларды ээрчирине, Атамбаевдин бийликти узурпациялоо, президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин да бийликте калуу максаты жана каалоосу бар деген сандырак сөздөргө ишенерине көзүм жетпейт", — деди өлкө башчы.

Атамбаев Акаевдин жана Бакиевдин тушунда конституциялык өзгөртүүлөрдү бийлик ошол кездеги президенттер менен алардын үй-бүлөлөрүнө ылайыктап өткөрүп келишкенин, а кезде оппозиция эмнеге каршы чыкканы түшүнүктүү экенин белгиледи. Ал эми бүгүнкү негизги каршылаштар, тилекке каршы, бир гана жеке амбицияларынан улам чыгууда. Алар өзгөртүү зарылдыгына макул, бирок маселеге бөгөт коюу үчүн ар кандай себептерди таап жатышат. Бул мамлекеттик мамиле эмес. Бул өлкө келечегин тоготпогондук, деди президент.

Республика — Ата-Журт фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Бабанов: Жогорку Кеңеште койлор отурган жок
Өлкө башчы ошондой эле алардын сунушталган оӊдоолордун арты менен "президенттин айланасынын" бийликте калуу аракети деген "аргументтери" да суу кечпейт. Андайдын жыты да жок экени сабаттуу адамга көрүнүп турарын айтат. 

"Негизи эле Кыргызстанда кийинки мамлекет башчысы ким болорун бир же эки жыл мурда эле көрө билген учур болгон эмес, менимче, болбойт дагы. Ошондуктан, "мураскер" операциясы дегенди четке кагарымды дароо эле билдиргем. Оӊдоолор парламентти алсыздандырып, премьер-министрди өтө эле күчтөнтөт дегенге да негиз жок. Тетирисинче, көпчүлүк коалиция күчтөндүрүлүп, чыныгы парламенттик оппозиция пайда болот. Бул оӊдоолор – Кыргызстандын чыныгы парламентаризмди бекемдөөгө карай дагы бир кадамы", — деди Атамбаев.

Ошондуктан Жогорку Кеңеш Конституцияга оңдоо киргизүү боюнча бул мыйзамды колдоп, элдин өзү референдумда тандаганга мүмкүнчүлүк берсе, ал депутаттардын стратегиялык жана акыйкаттык туура чечими болуп калмакчы, деп белгиледи президент.

Жаңылыктар түрмөгү
0