БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ) уюмуна мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жыйынында учурдун талаптарына ылайыкташтырылган чечим кабыл алынат. Бул тууралуу КР ТИМинин жетекчиси Эрлан Абдылдаев КМШ мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлери кеңешинин жыйынында билдирди.
Бүгүн күндүн биринчи жарымында Бишкекте КМШ мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлери кеңешинин жыйыны өтүүдө. Министрлер КМШ мамлекет башчыларынын жыйынында карала турчу күндүн темасын талкуулап, бекитет. Жыйын "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында күндүн экинчи жарымында өтөт. ТИМ башчылары 16 маселени талкуулашат.
"Боло турган саммитке бир жыл ичинде Кыргызстан иштеп чыккан КМШны учурдун талабына шайкеш келтирүү жөнүндөгү чечим чыгарылат. Кыргызстан талкуунун модератору болду. Жалпысынан омоктуу жана салмактуу иш жасалды", — дейт министр.
Анын айтымында, КМШнын органдарынын санын кыскартуу жаатында да өз ара түшүнүшүү бар.
"Мамлекет башчыларынын кароосуна 10дон ашык маселе коюлат", — деди Абдылдаев.
Ал ошондой эле КМШ Кыргызстандын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциясына киргизүү боюнча демилгесин колдойт деп ишеним артып турганын билдирди.