БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин кароолосу суу кечпейт. Бул тууралуу КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов парламентте сүйлөп жатып билдирди.
Эске сала кетсек, буга чейин Өмүрбек Текебаев маалымат жыйын куруп, анда Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы жерин мыйзамсыз алгандыгын айткан.
"Текебаев маалымат жыйын куруп, президентти ачык каралады. Муну өч алуу десек болот. Ал жер мыйзамдуу сатып алынган үлүш жери экенин баарыбыз жакшы билебиз. Бул жерде эч кандай сыр жок. Бул боюнча толук далил бар. Алмазбек Шаршенович эч качан баалуу белектерди алган эмес", — деди Өмүркулов.
Эл өкүлү Өмүркулов Алмазбек Атамбаев 60ка чыкканда үй салууга укуктуу экенин айтып, Текебаевдин каралоосу суу кечпей турганын кошумчалады.