БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгамбердиева башка кызматка которулгандыгына байланыштуу кызматынан кетти. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Эгамбердиева кабарлады.
Мындай маалыматты премьер-министрдин маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгулов да тастыктады.
"Мен башка кызматка, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамиле боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилигине дайындалганыма байланыштуу мурдагы кызматымдан кеттим", — деди Эгамбердиева.
Өкмөт башчынын маалымат катчысы аталган орунга азыр кимдин келе тургандыгы белгисиз экендигигин айтты.
Эскерте кетсек, буга чейин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамиле боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчи болуп Бакыт Рыспаев иштеп келген.