БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Конституцияга киргизилчү өзгөртүү боюнча аткаруу бийлигин күчтөнтүү — туура чечим. Бул тууралу Өмүрбек Текебаев маалымат жыйын учурда билдирди.
Анын айтымында, Баш мыйзамды кабыл алууга тиешелүү убакыт керек.
"Мен референдум жолу менен 2020-жылга чейин Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү колдойм. 2010-жылы Конституцияны шашылыш кабыл алганбыз деп жатышат, учурда андан да бат кабыл алуунун каалаганы көрүнүп турат", — деди Текебаев.
Мындан сырткары, депутат өзгөртүүлөрдү колдоого аларын айтты.
"Мен аткаруу бийлигин күчтөнтүүгө макулмун. Аткени өкмөт башчыга көп милдеттер жүктөлгөн. Премьер-министр болуп шайланган депутаттардын мандаты калышы керек дегенди да колдойм", — деди депутат.
Ал буга чейин өкмөт башчы болом деп мандатынан айрылган Өмүрбек Бабановду мисал катары келтирди.
Эскерте кетсек, июль айынын соңунда КСДП, "Республика — Ата-Журт", "Кыргызстан" жана "Өнүгүү — Прогресс" фракциялары референдум аркылуу Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп чыгышкан. Авторлордун айтымында, Баш мыйзамга 30га чукул өзгөртүү киргизилет. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов демилге Конституциянын кемтик жерлерин толуктоого багытталарын айтып, бийлик бутактарынын тең салмактуулугун сактап турарын кошумчалады.