БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев АКШ президенти Барак Обаманы туулган күнү менен куттуктаганын мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ал өз куттуктоосунда АКШ лидерине чың ден-соолук каалоо менен бирге Кыргызстан эки өлкөнүн кызматташуусуна кызыкдар экенин белгилейт.
"Туулган күнүңүз менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Эки өлкөнүн кызматташуусуна кызыкдар экенибизди белгилөө менен, чың ден-соолук, ишиңизге ийгилик каалайм", — деп айтылат Атамбаевдин куттуктоо сөзүндө.
Өлкө башчы өз куттуктоосун АКШ элине тынчтык жана өнүгүү каалоо менен жыйынтыктайт.
Эскерте кетсек, Барак Обама 1961-жылы 4-августта АКШда жарык дүйнөгө келген.