Президент: референдум өткөндөн кийин Жогорку Кеңеш таратылбайт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Атадагы маалымат жыйынында
Президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Атадагы маалымат жыйынында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен бийлик бутактарында тең салмактуулукту сактоо зарыл деген ойдо.

ЧОЛПОН-АТА, 1-авг. — Sputnik. Референдум өткөрүлгөн соң Жогорку Кеңештин депутаттарын таратуунун зарылдыгы жок. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйын учурунда билдирди. 

Буга чейин КСДП, "Республика — Ата-Журт", "Кыргызстан" жана "Өнүгүү — Прогресс" фракциялары Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап чыккан. 

"Ооба, учурдагы парламент биз күткөндөй болбой калды. Мисалы "Республика — Ата-Журт" партиясынын шайлоо алдындагы тизмеги боюнча экинчи сапта орус улутунун, үчүнчүдө өзбек улутунун өкүлдөрүн, төртүнчүгө айымдарды койгон эле. Учурда парламентте бир гана кыргыз улутунун өкүлдөрү отурат. Элди алдабаш керек", — деди Атамбаев. 

Өлкө башчы Конституциянын долбоорунда келечекте 120 баштуу ажыдаар болбошу үчүн коргонуу бар экенин, долбоордо премьер, парламент, соттордун ортосунда тең салмактуулук сакталганын кошумчалады. 

"Эгер бийликти сактап калууга аракет кылсам мен башкача референдум жасамакмын. Азыр аймактардан Атамбаев экинчи мөөнөткө калсын деген көптөгөн кайрылуулар түшүп жатат. Мен референдум өткөрүү үчүн жетиштүү эле кол чогулта алмакмын", — деди президент. 

Референдумду күз айларында өткөрүү пландалууда. 

Өлкө башчы Атамбаевдин маалымат жыйын учурундагы референдум, дин жана Түркия тууралуу айткандарын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0