БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутовго сөгүш жарыялады. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматта, сөгүш аткаминерге кызматтык милдеттерин тийиштүү аткарбагандыгы үчүн жарыяланды деп жазылган.
Буга чейин өкмөт мүчөлөрүнүн ичинен Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров Бишкектен "Манас" аэропортуна кеткен жолдун сапаты начар болгондуктан сөгүш алган эле.