"Кетем" деп коркуткан аткаминерлер

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку кеңештеги жумуш орун. Архив
Жогорку кеңештеги жумуш орун. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги мандат тапшырам деп элдин эсин алган эл өкүлдөрү менен атка минерлерди тизмектеп көрдү.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Мээрбек Мискенбаев ага жүйөөсүз айып коюлуп жатканын айтып, эгер өзүнө тагылган күнөөлөр далилдене турган болсо мандатын тапшырууга даяр экенин билдирди.

Үйдүн ачкычын кармап турган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кызматтык үйдү алуу сунушуна анда жашаган депутаттар кандай добуш беришти
Эске сала кетсек, буга чейин "Айкөл Ала-Тоо" коомдук фондусунун мурунку мүчөсү Марипа Алайкулова Мискенбаевди "Кыргыз көмүр" ишканасы тарабынан бөлүнгөн 2,3 миллион сомду жеке кызыкчылыгына жумшап койгон деп айыпталган. 

Депутат ага жүйөөсүз күнөө койгондорду сотко бергенин билдирген эле.

Sputnik Кыргызстан агенттиги ээлеген кызматын тапшырам деп "коркуткан" аткаминерлер менен депутаттарды тизмектеп көрдү.

Мандат тапшырам деп мазаны алган депутаттар

Алтынчы чакырылышка депутат болуп келген Өмүрбек Бабанов менен Жыргалбек Саматов жыл башында бири-бирине тап көрсөтүп, эгер кимисинин чет элдик жарандыгы бар экени аныкталса, мандатын тапшырсын деп "эркекче" шерттешкен эле

Өзгөчө 2012-жылы август айынын аягында мурдагы депутат Болот Шердин Бабановго конвертке салып ок жиберген окуясы коомдо катуу талкуу жараткан. Шер эгерде анын апрель окуяларындагы талоончулукка тийиштиги бар экени аныктала турган болсо, атынып өлүүгө даяр экенин айткан.

Өкмөт мүчөсүнүн креслосу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеш өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү боюнча сунушту жактырды
Экс-депутат мындай кадамга Өмүрбек Бабановдун аны мародер деп атаганынан улам барганын айткан. Ал күнөөсү далилденсе бир окту өзү үчүн даярдап койгонун, эгер далилденбесе экинчи окту Бабанов өзүнө колдонсун деп айткан болчу.

2010-жылкы шайлоодо "Ата Мекен" партиясы менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Эркин Алымбековдун да "кетем" деп коркуткан жайы бар. 2014-жылы "Кумтөр" маселеси боюнча канадалык компания менен Кыргызстандын үлүшүн теңме-тең кыла турган келишимдин долбоорун өкмөт Жогорку Кеңештин кароосуна алып келген. Алымбеков эгер бул келишим парламент тарабынан кабыл алынса депутаттык мандаттан баш тартарын айтып, 2014-жылы февраль айынын башында арызын жазган болчу. 

Ушул эле партиянын депутаты Турат Мадылбеков 2010-жылы апрель окуяларында тоноочулукка тийиштиги бар деген имиштерди депутаттык комиссия далилдей турган болсо мандатынан баш тартууга даяр экенин 2013-жылы билдирген.

Ушул эле жылы "Ата-Журт" фракциясынын лидери Садыр Жапаров алдамчылыкка шектелип, Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Жапаров өз кезегинде мандатынын артына жашынбай турганын жана аны тапшырууга даяр экенин айткан.

Президент кетем деп…

Алмазбек Атамбаев дагы эгер референдум өтүп, эл анын отставкасын кааласа кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирген.

Кетем деген аткаминерлер

Сейфтеги акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Артыкчылыктан баш тарткан депутаттар. Үнөмдөлгөн каражат кайда?
Токон Мамытов кезинде (2015-жылы, апрель) "Кыргызалтын" ишканасын жетектеп турганда эгер "Кумтөр" долбоору боюнча анын ой-пикири эске алынбай турган болсо, же көз карашына дал келбеген жагдай түзүлсө отставкага кетүүгө даяр экенин айткан. 

Финансы министри Адылбек Касымалиев кызматкерлеринин дайвинг чырынан улам эгер кийин ушундай окуя дагы кайтала турган болсо кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирген. Эскерте кетсек, финансы министрлиги 15 адамга дайвинг үйрөтүү кызматына тендер жарыялаган. Анын талаптары боюнча бассейндин узундугу 25 метр, тереңдиги 5 метр болушу шарт болчу. Коомчулуктагы катуу талкуудан улам тендер өтпөй калган. 

Учурда "Өнүгүү — Прогресс" партиясы менен алтынчы чакырылышка депутат болуп келген Исхак Масалиев Мамлекеттик салык кызматын жетектеп турган учурда эгер 2013-жылы салык боюнча план аткарылбаса өз эрки менен кызматын тапшырарын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0