Атамбаев сот системасы үчүн гранттык макулдашууну ратификациялады

Жазылуу
Мыйзам расмий жарыялангандан тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы сот системасын өнүктүрүү боюнча долбоорду турмушка ашыруу максатында гранттык макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койду.

Эл аралык валюта фондусунун имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эл аралык валюта фондусу Кыргызстанга токтоосуз 13,4 млн. доллар бөлөт
Өлкө башчынын маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 16-июнунда кабыл алынган.

Гранттык макулдашууну турмушка ашыруу бир жылга эсептелип, сот системасын өнүктүрүү боюнча долбоордун биринчи баскычы болуп саналат. 

Мыйзамдын максаты – КРдин Жогорку Сотунун алдындагы Сот департаментин аталган долбоордун экинчи баскычын турмушка ашырууга даярдоо.

Мыйзам расмий жарыялангандан тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0