БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Депутат Акылбек Жапаров, уктабаңыз! Мындай эскертүүнү бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда төрага Чыныбай Турсунбеков аталган депутатка берди.
Эскерте кетсек, парламентте күн тартибиндеги маселелер каралып жатат. Спикер Жапаровду мыйзам долбоорлоруна добуш берүү жүрүп жатканда зекиди.
Мындан сырткары, Турсунбеков бош турган компьютерлерди өчүрүп коюуну өтүндү.
Эл өкүлү Акылбек Жапаровдун уктап-уктабаганын тактоого мүмкүн болгон жок.