https://sputnik.kg/20160531/1025966461.html
ЕЭКке Кыргызстандан министр болуп Ибраевдин ордуна Жунусов дайындалды
ЕЭКке Кыргызстандан министр болуп Ибраевдин ордуна Жунусов дайындалды
Sputnik Кыргызстан
Ибраев Кыргызстандын атынан ЕЭКке министр болуп 2015-жылы апрель айында дайындалган. 31.05.2016, Sputnik Кыргызстан
2016-05-31T20:28+0600
2016-05-31T20:28+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/102453/73/1024537378_0:393:4200:2768_1920x0_80_0_0_3b54f22d24df0753993ceb57ef5b36ed.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2016
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102453/73/1024537378_0:160:4200:2800_1920x0_80_0_0_b89c1b157659d1f7c46d2c791c5e1f12.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жаңылыктар, саясат, еаэбдеги кыргызстан, адамкул жунусов, данил ибраев, евразиялык экономикалык биримдик, еэк
кыргызстан, жаңылыктар, саясат, еаэбдеги кыргызстан, адамкул жунусов, данил ибраев, евразиялык экономикалык биримдик, еэк
ЕЭКке Кыргызстандан министр болуп Ибраевдин ордуна Жунусов дайындалды
20:28 31.05.2016 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Ибраев Кыргызстандын атынан ЕЭКке министр болуп 2015-жылы апрель айында дайындалган.
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчыларынын чечими менен Евразиялык экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Энергетика жана инфраструктура боюнча министри кызматына Кыргызстан тараптан Адамкул Жунусов дайындалды. Бул маалыматты президенттин маалымат кызматы тастыктады.
Буга чейин Евразиялык экономикалык комиссиянын төрагасы Тигран Сарксян Кыргызстан ЕЭКтеги министр кызматына Данил Ибраевдин ордуна КРдин Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовдун талапкерлигин сунуштаганын билдирген.
Ибраев Кыргызстандын атынан ЕЭКке министр болуп 2015-жылы апрель айында дайындалган. Ошондой эле Экономика министринин орун басары болгон.
Ал эми Адамкул Жунусов Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагалыгынан 2016-жылы 20-апрелде бошотулган.