00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Экономикалык панорама
19:05
40 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге шарт түзгөн медициналык окуу жай
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Школа в цифре: как в Кыргызстане создают единую образовательную экосистему
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
13:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
2025-жылы МЖӨ механизми аркылуу 4 млрд. доллардай инвестиция тартылды — жаңы мыйзам кандай иштеп жатат?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Азыркы жаштар: активдүү, максаттуу бирок улуттук баалуулуктар сакталуудабы?
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Казы Дикамбаевдин өмүр жолу жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2025-жылы МЖӨ механизми аркылуу 4 млрд. доллардай инвестиция тартылды — жаңы мыйзам кандай иштеп жатат?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Нарымбаев менен Коркмазовдун сотуна Текебаев менен Кыдыралиев чакырылмай болду

© Фото / пресс-служба ЖК КРЭл өкүлү Өмүрбек Текебаев. Архив
Эл өкүлү Өмүрбек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай сунушту мамлекеттик айыптоочу айтып, соттук коллегия аны жөндүү деп тапты. Кийинки отурум 17-майга белгиленди.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бүгүн, 13-майда Бишкек шаардык сотунда президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун иши боюнча сот отуруму уланды.

Түлеев Нарымбаев эмне үчүн акча алып жаткан жеринен кармалбай калганын айтып берди
Мамлекеттик айыптоочу сот адилеттүүлүгүнө жетүү үчүн эл өкүлү Өмүрбек Текебаевди, тергөөчү Манас Кыдыралиевди жана көз карандысыз эксперт Иманкожоевди чакыруу сунушталды. Мындан сырткары, мамлекеттик айыптоочу массалык маалымат каражаттарында туура эмес маалымат таркатылганын айтып, тактык үчүн мурунку соттук отурум тартылып алынган тасманы көрсөтүүнү өтүндү. Ошондой эле соттук иш боюнча каралып жаткан депутаттык текшерүүнүн эки актысын экспертизадан өткөрүү сунушталды.

Ал ортодо Нарымбаевдин адвокаты Михаил Зауман тасманы көрүүнүн кажети жок экенин билдирди.

"Биз буга чейин Текебаевди күбө катары чакырганда эч ким колдогон эмес. Эми керек болуп калдыбы? Ал эми тергөөчү кошумча эмне айтмак эле, ал иликтөөсүнүн корутундусун берген да", — деди адвокат.

Анткен менен Коркмазовдун адвокаты Кайрат Загибаев мамлекеттик айыптоочунун сунушун колдоду. Эки тараптын адвокаттары кайчы пикирге келгендиктен, соттук коллегия соттолуучунун пикирин угууну туура көрдү. 

Сөз кезегин алган Данияр Нарымбаев прокурордун күбөлөрдү чакыруусуна макул болуп, тергөөчүнү чакырылышына каршы чыкты.

Ал эми Хаджимурат Коркмазов соттун чечимине макул болорун билдирди.

"Тергөөчүнү жана күбөлөрдү чакыралы. Менин да суроолорум бар", — деди Коркмазов. 

Соттук коллегия кеңешүүдөн кийин кийинки отурумга Текебаев менен Кыдыралиевди чакырууну чечип, ал эми мурунку соттук отурум тартылып алынган тасманы көрсөтүүнү жөнсүз деп тапты.

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Хаджимурат Коркмазов. Архив - Sputnik Кыргызстан
БП: Нарымбаев менен Коркмазовдун сот ишине кийлигишүү сотко басым катары бааланат
Эскерте кетсек, Биринчи Май райондук соту президент администрациянын мурунку жетекчиси Данияр Нарымбаевди үч жылга, ал эми Хажимурат Коркмазовду 1,5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Аталган чечим боюнча айыпкерлер Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз жазган. Июль айынын ортосунда УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Коркмазовдун 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаган. Ал акчаны экс-депутат Нариман Түлеевдин туугандарынан Жогорку сотто карала турган ишин оң жакка чечүүгө жардам берем деп алган. Башкы прокуратура Коркмазовдун 200 миң доллар талап кылганын маалымдаган. 

Экс-депутат акчаны президент аппаратынын жетекчиси Нарымбаевдин айтканы менен талап кылганы боюнча көрсөтмө берген. Июлдун аягында Нарымбаев да камакка алынган. Кармалгандар соттун чечими менен УКМКНын тергөө абагына камакка алынган.

Анткен менен Нариман Түлеевге эки ирет мунапыс колдонулуп, үcтүбүздөгү жылдын 7-май күнү абактан чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0