БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев ага карата чыккан соттун өкүмүнө макул эместигин билдирип эл аралык сотторго кайрылат. Бул тууралуу ал маалымат жыйында билдирди.
"Мен башынан аягына чейин отурсам да мага карата чыккан өкүмгө макул эмесмин. Учурда эл аралык сотко кайрылууга даярдык көрүп жатабыз. Документтер англис тилине которулууда. Бирок эгер жеңишке жетишсек, төлөгөн акчамды жана батирлеримди (конфискацияланган мүлк) кайра доолабайм", — деди Түлеев.
Экс-мэр өзүн мыйзамдуу түрдө мунапыстын негизинде бошотулдум деп эсептейт.
"Баарын менин түрмөдөн кантип чыкканым кызыктырып жатат. Кадимки жарандай эле мунапыстын негизинде бошотулдум. Бул үчүн мени акча берди деп жатышат. Жогорку соттун 32 миллион сом төлөө боюнча өкүмү чыккан. 62 миллион сом төлөдүм. Мени менен кошо жаза өтөгөн кесиптештеримдин бардыгы үчүн туугандарым каражат төлөштү", — деди ал.
Түлеев эгер анын иши мисалы Кытайда каралса, эчак эле бошотулмактыгын айтты.
"Кытайдын өкмөтү, Юстиция министрлиги жана Мамлекеттик коопсуздук комитети биздин актыгыбызды тастыктады", — деди экс-мэр.
Бишкектин мурдагы башчысы 2013-жылдын 29-июлунда камакка алынып, 4 жылга чукул абакта жаза өтөдү.
Түлеев мамлекеттик казынага 60 миллион сом төлөп, 7-майда эркиндикке чыкты.