БИШКЕК.18-апр. — Sputnik. Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Бул боюнча президент Алмазбек Атамбаев бүгүн атайын Жарлыкка кол койду.
Күн Чыгыш өлкөсүндө буга чейин элчилик кызматта Рысбек Молдогазиев иштеп, дипломатиялык миссиясынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу бошотулган.