ТИМ: Кыргызстан АКШнын мамдепартаментинин докладын саясий шантаж деп эсептейт

© AFP / JOE KLAMAR АКШнын желеги. Архив
АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан эки күн мурда АКШнын мамлекеттик департаментинин адам укугу боюнча жылдык 40-доклады жарык көрүп, анда Кыргызстандагы абал тууралуу бир топ сөз айтылган. Тышкы иштер министрлиги буга карата билдирүү таратты.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кыргызстан АКШнын мамлекеттик департаментинин адам укугу боюнча жасалган докладындагы республика боюнча айтылган маалыматты негизсиз жана орунсуз экенин белгилеп, саясий опуза деп эсептейт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты.

АКШнын мамлекеттик департаментинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ "панама-гейтти" алып чыккан журналисттерге акы төлөп бергенин моюндады
Эскерте кетсек, мамдепартамент 14-апрель күнү дүйнө жүзүндөгү адам укугу жаатындагы кырдаал боюнча доклад даярдап, анын 36 бети Кыргызстанга арналган. АКШ документте Кыргызстанда "мыйзамсыз камакка алуу", "бийлик менен макул болбогондорду четтетүү", Азимжан Аскаровдун "укугун бузуу", "кызмат адамдарына жаза көрүлбөй турганы", "бейөкмөт уюмдарга басым жасоо" өкүм сүрөрү белгиленген.

ТИМ мындай документтер жыл сайын чыгарын белгилеп, изилдөө үстүртөдөн жүргүзүлгөнүн жана мындай докладдар геосаясий кызыкчылыктан улам жасаларын билдирет.

"Мындан улам, докладдын авторлору АКШ каржылаган бейөкмөт уюмдар менен айрым жарандардын маалыматына таянганы түшүнүктүү. Булар көбүнесе элдин салт-санаасына, аң-сезимине жат көрүнүштөрдү таңуулап келгени менен аты чыккан", — деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик Кыргызстан бутуна туруп келе жаткан жаш мамлекет экенин, алдыдагы тоскоолдуктарды бийлик коомчулук менен тыгыз байланышта жеңип келе жатканын белгилейт.

Тегерек стол. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ жана Борбордук Азия өлкөлөрү бирдиктүү ишкерлик кеңешин түзөт
"Бишкек мамдепартаментке Кыргызстан эмес, АКШдагы адам укугу жаатындагы түзүлгөн абалга көбүрөөк баш оорутушу керектигин белгилейт. Өлкөдө өкүм сүргөн расалык теңсиздик, полиция кызматкерлеринин өзүм билемдик орой мамилеси, Гунтанамо түрмөсүндөгү кыйноолор — мунун баары Американын өзүндө абал көңүл жубатарлык эмес экенин далилдеп турат", — дейт мекеме.

ТИМ АКШнын Ирак, Ливия мамлекеттериндеги жүргүзгөн саясаты, жосунсуз аракетинен улам дүйнө жүзү АКШнын дилинин тазалыгына ишенбей калганын белгилейт. 

"Мамдепартаменттин көңүлүнө уруп-сабап, тоноп, керек болсо оппозиция өкүлдөрүн тирүүлөй өрттөп келген мурунку бийлик жакчу. Анткени мындай жосунсуз жоруктун баары АКШ жарандарынын көзөмөлү менен жүргүзүлүп, керек болсо андай иштерге өздөрү да катышып келген", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан улам, Тышкы иштер министрлиги АКШнын мамлекеттик департаментинин аталган докладындагы Кыргызстан тууралуу айткандарын саясий кызыкчылыктан улам өлкөнүн саясий системасына басым жасоо аракети катары баалап, шантаж деп эсептей турганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0