БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Темир Сариев премьер-министр катары өкмөттүн акыркы жыйынында "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаевди сынга калды.
Бүгүн отставкага кетүү тууралуу айтардан мурун Сариев бир катар билдирүү жасады.
"Айрым саясатчылар өзүнүн керт башынын кызыкчылыгын мамлекеттики менен коомдукунан жогорку коюуда. Алар өкмөттү жаман көрсөтүп келет, мамлекеттин келечеги менен баштары да оорубайт. Канат Исаев "Империя Групп" ишканасын сунуштоого жан үрөгөн, бирок ал документ тапшырууга үлгүрбөй калды. Ал эми бул компания кара тизмеге киргизилип жаткан", — деди Сариев.
Муну менен катар транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев тууралуу да пикирин билдирди.
"Ишенимден кетти. Ал кемчиликтерди көрүп туруп, жоопкерчиликти өзүнө алуунун ордуна башкаларга жүктөп койду", — деп белгиледи Сариев.
Ал өзүнүн иши тууралуу дайым абийирдүүлүк менен иштеп келгенин айтып, ар-намысын коргоо үчүн "аягына чейин барарын" билдирди.
Ишемби күнү Балыкчы — Корумду жолун реконструкциялоо боюнча жарыяланган тендер чырын иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия премьер-министр Темир Сариевге жана өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча маселени парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимин кабыл алган. Жекшемби күнү премьер Facebook баракчасына аталган комиссиянын корутундусуна карата жооп кайтарган.
Анын негизинде премьер-министр Темир Сариев өлкө башчысына транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаевди кызматтан алуу боюнча сунуш киргизген, бирок президенттин аппараты документтин негиздерин тактоо үчүн аны артка кайтарган. Өкмөт жөнүндө мыйзамдын 24-беренесинин 3-бөлүмүндө премьер-министрдин сунушу менен өкмөт мүчөсүн президент кызматтан бошоткон учурлар так аныкталган.
Транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев депутаттык комиссиянын жыйынында Балыкчы — Корумду жолун реконструкциялоо боюнча өткөн тендерге өкмөт башчынын жакындары, транспорт министринин орун басары Улан Уезбаев жана кытайлык "Лонг Хай" компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып тендердин жыйынтыгына таасир бергенин билдирген. Комиссиянын курамындагы айрым депутаттар премьердин күнөөсү бар экенин айтып, анын отставкасын талап кылышкан.
Ал эми транспорт министринин орун басары Уезбаев министр Аргынбаевдин өкмөт башчысынын күнөөлөп жаткандыгы суу кечпейт деген. Компанияларды тандоого Сариев катышты деген кеп туура эмес деп билдирген.