Коргоо министрлиги менен "Аскер Курулуш" ишканасына дагы бир кылмыш иши козголду

© Sputnik / Табылды КадырбековШеврон министерства обороны Кыргызской Республики. Архивное фото
Шеврон министерства обороны Кыргызской Республики. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин аталган мекемелерге төрт кылмыш иши козголгону белгилүү. Өткөн жылдын ноябрь айынан баштап Коргоо министрлиги Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет болуп өзгөргөн.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Коргоо министрлигине караштуу "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүндө бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгаруу фактысы табылып, кылмыш иши козголгонун УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, 2013-жылдын июнунда тендердин жыйынтыгы боюнча аталган ишкана "Ояма" компаниясы менен курулуш материалдарын сатып алуу каралган 40 миллион 382,7 миң сомдук келишим түзүлгөн. 

Мында келишимди аткаруунун кепилдигин камсыз кылуучу 2 миллион 19 миң сом "Аскер Курулуш" ишканасынын кассасына төгүлгөн эмес. Мындан тышкары, курулуш материалдарын жеткирип бере электе эле "Ояма" компаниясына 807,6 миң сом мыйзамсыз кайтарылып берилген.

Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кара-Суу райондук аскер комиссариаттын инспектору пара алып кармалды
2013-2014-жылдар аралыгында аталган компания болгону 19 миллион 472 миң сомдук материал менен камсыздаганына карабастан, ишкана компаниянын эсебине 26 миллион 254 миң сом которуп берген.

Текшерүү учурунда "Аскер Курулуш" ишканасы "Ояма" компаниясына 6 миллион 882,4 миң сомду ашыра которуп бергени маалым болду. Мындан мамлекетке 7,6 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирилген. 

Бул факты боюнча УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы чогулткан материалдардын негизинде Аскер прокуратурасы "Аскер Курулуш" ишканасынын башкы директоруна, министрликтин жана аталган ишкананын айрым кызматкерлерине карата "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу" жана "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин министрлик менен "Аскер Курулуш" ишканасынын жетекчилигине карата төрт кылмыш иши козголгон.

Эскерте кетсек, Коргоо министрлиги 2015-жылдын ноябрында Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетке өзгөрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0