Бийик тоолуу аймак жашоочуларына төлөнүүчү социалдык төлөм мыйзамы иретке келтирилет

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Темир Сариев "Биринчи радионун" түз эфири учурунда.
Премьер-министр Темир Сариев Биринчи радионун түз эфири учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр социалдык төлөмдөр жоюлбай турганын, болгону шартка ылайык мыйзамга тактоолор киргизиле турганын белгиледи.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган жарандарга төлөнүүчү социалдык төлөмдөр боюнча мыйзам иретке келтирилиши керектигин премьер-министр Темир Сариев "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Нарында бир нече жүздөгөн адам суукка карабай митингге чыкты
Буга чейин өкмөт тоолуу шартта жана алыскы аймактарда иштеген жарандарга кошумча акы төлөөнү алып салууну сунуштаган мыйзам долбоорун чакыртып алганы белгилүү. Ага улай эле Нарын шаарындагы бир нече жүздөгөн киши тоолуу аймактын жашоочуларынын айлык акысына төлөнүп келген каражаттын 50 пайызын алып салуу боюнча мыйзам долбооруна каршы нааразылык акциясына чыгышкан.

Сариев бул мыйзам долбоор алыскы аймактардагы жарандардын социалдык жеңилдиктерден ажыратуу эмес, бул жааттагы айрым тактоолорду киргизүү менен иретке салуу максатын көздөрүн билдирди.

"Учурда өлкөдө 1870 айыл бар, 789 атайын тизменин негизинде бийик тоолуу жана алыскы аймактагы айыл деп аныкталган. Алардын арасына 2000 метр бийиктеги айрым айылдар кирбей калган. Азыр алыскы аймактарга жол салынып маалымат жеткиликтүү боло баштады. Буга байланыштуу аталган мыйзамды иретке келтирип, тартипке салуу зарылчылыгы туулду", — деди Сариев.

Өкмөт башчы аталган мыйзам коомчулуктагы сунуштардын, сын-пикирлердин негизинде чакыртып алынганын Суусамыр, Ат-Башы районундагы айылдар бийик тоолуу аймактар катары жеңилдиктерден ажыратылбай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0