Жергиликтүү кеңешке шайлоо 27-мартка белгиленди

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоо учурунда добуш берип жаткан жаран. Архив
Шайлоо учурунда добуш берип жаткан жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоо Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарында өтөт.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында жергиликтүү кеңешке шайлоо үстүбүздөгү жылдын 27-мартына белгиленди. Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргызстандагы Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыкка кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Шайлоодон кийин 200 миңге чукул жаран биометрикалык маалымат тапшырды
Жарлыкка ылайык, Баткен облусундагы Бешкент, Маргун айылдык кеңештерине, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим, Атай айылдык кеңештерине, Аксы районунун Авлетим айылдык кеңешине, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов, Терек, Коңорчок, Жерге-Тал айылдык кеңештерине, Жумгал районунун Куйручук, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө, Чаек, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңештерине, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңешине, Балыкчы, Каракол шаардык кеңештерине, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык кеңешине, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңешине, Кемин районунун Кемин шаардык кеңешине, Ош облусунун Алай районунун Будалык айылдык кеңешине, Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо өтөт.

Мындан тышкары, шайлоону өткөрүү үчүн зарыл финансылык каржылоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт. Муну менен бирге шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрүү милдеттендирилди.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0