Депутат Аида Салянова узакка созулган чогулуштарды азайтуу керектигин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку кеңештин депутаты Аида Салянова. Архив
Жогорку кеңештин депутаты Аида Салянова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-башкы прокурор, азыркы депутаттын айтымында, өлкөдө күнүгө ондогон жыйынтыксыз жыйналыштар өткөрүлөт

БИШКЕК, 25-дек. – Sputnik. Көпчүлүк мамлекеттик кызматкерлер убактысын чогулуштарга коротушат, андыктан, мамлекеттик бюджетти үнөмдөөдөн мурда убакытты үнөмдөөнү үйрөнсөк жакшы болот эле. Мындай пикирин депутат Аида Салянова "Парламент" радиосунда сүйлөп жатканда айтты. 

"Мамлекеттик кызматкерлерди жолуктуруп калсам эле узакка созулган жыйналыштардан чыгып келе жатканын угам. Андай "болтологияларга" убакытты кетиргенче, иш менен жыйынтык көрсөтүүнү үйрөнүш керек", — деди Салянова.

Депутаттын айтымында, өлкөдө күнүгө ондогон жыйынтыксыз жыйналыштар өткөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0