БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Каржы министрлиги мекеменин муктаждыгы үчүн кресло жана планшет сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулардын сайтында айтылган.
Аталган министрлик 10 креслого 284,6 миң сом, ал эми эки персоналдык планшет үчүн 228 миң сом коротууга белсенип жатат. Мындан тышкары, мекеме эмерек менен техниканын санын 15 пайызга көбөйтүшү мүмкүн, бирок баштапкы баа өзгөрүүсүз кала турганы айтылган.
Маалымдамалар 18-декабрга чейин кабыл алынат.
Октябрдын башында Кыргызстанда Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы тарабынан депутаттар үчүн сатылып алына турган креслолор боюнча жаңжал чыккан. Анда бир отургуч 310 долларга бааланган. Коомчулуктун реакциясынан соң жаңы креслолордон баш тартуу чечими кабыл алынган.