Эксперттер "баарына каршы" көп добуш алса, абал кандайча өзгөрөрүн талдап беришти

© Sputnik / Жоомарт УраимовБаарын каршы бюллетеньи. Архив
Баарын каршы бюллетеньи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин "Шайлоо жөнүндө" мыйзамына ылайык, эгер шайлоочулардын басымдуу бөлүгү "Баарына каршы" добуш берсе, шайлоо өтпөй калды деп таанылат. Муну менен, эксперттердин пикири боюнча, мамлекеттин саясий элитасы жаңыланууга мүмкүнчүлүк алат.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. 20 күндөн кийин республикада парламенттик шайлоо өтөт. Ал эми БШК 24-сентябрга чейин добуш берүү бюллетендерин басып чыгарышы керек.

Бюллетенде шайлоого катыша турган 14 партиянын тизмесинен тышкары, "баарына каршы" деген графа бар. Бир катар эксперттер бул пункт дагы олуттуу добуш алышы мүмкүн деген пикирде.

БШК мүчөсү Канатбек Азиздин айтымында, шайлоо жөнүндөгү мыйзам "баарына каршы" пункту талапкерлерге караганда көп добушка ээ болсо, шайлоо өтпөй калды деп таанылат.

"Эгер шайлоо саясий партиялардын күнөөсү менен өтпөй калса, ал саясий уюмдар кийинки жарышка катышпайт. Ал эми эгер бир же бир нече партия тийиштүү көлөмдө добуш топтой албай, бирок шайлоо жергиликтүү бийлик органдарынын күнөөсү же башка себептер менен өтпөй калса, жарыш улантылат. Мында ал партиялар шайлоодон четтетилет", — деди ал.

Юрист Динара Молдошева бул учурда 30 күндүн ичинде кайрадан шайлоо белгиленерин айтты.

"Бул убакыт аралыгында БШК партияларды каттап, тийиштүү процедуралардан кийин шайлоонун датасын бекитиши керек", — деди юрист.

Саясат таануучу Шерадил Бактыгуловдун айтымында, теориялык жактан шайлоонун өтпөй калды деп таанылышы толук мүмкүн. Бирок шайлоо өтпөй калды деп таанылган учурда партиялар кайра шайлоого катышуусуна мүмкүндүк берүүгө түшүнбөй жатканын белгилейт.

"Аларга каршы пикирин эл айтты да. Мында башынан шайлоого катыша албай калган партиялар шайлоо босогосун жана күрөөсүн төмөндөтүү сыяктуу артыкчылыктарды талап кылса болот", — деди Бактыгулов.

Саясат таануучу шайлоодогу "баарына каршы" добуш берүүнү кан төгүүсүз жасалган революция деп айтууга болорун белгилейт.

"Мындан оппозициялык күчтөр пайдаланып, элди көчөгө алып чыгышы мүмкүн. Буга негизги азык-түлүккө жана зарыл товарларга болгон баанын жогорулашы кошумча себеп болот. Ал эми баа сөзсүз түрдө көтөрүлөт", — дейт эксперт.

Бактыгулов бардык аймакта "баарына каршы" добуш берүүгө чакырыктар башталышы мүмкүн экенин, муну көбүнесе бийликчил партиялар жасай турганын билдирди. Муну менен алар оппозициялык атаандаштарга бериле турган добуш санын кыскартуу үчүн барышы ыктымал дейт саясат таануучу.

Жаңылыктар түрмөгү
0