Шейла Гуолтни Кыргызстанга эми АКШнын жаңы элчиси болуп келди

© flickr.com / U.S. Department of StateШейла Гуолтни АКШнын Кыргызстандагы элчи. Архив
Шейла Гуолтни АКШнын Кыргызстандагы элчи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1999-2002-жылдары Гуолтни Кыргызстандагы АКШ элчисинин орун басары болуп иштеген.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Шейла Гуолтни АКШнын Кыргызстандагы толук жана ыйгарымдуу элчиси болуп келгенин элчилик расмий сайтында билдирди.

АКШнын сенаты Барак Обама бир жыл мурда сунуштаган Гуолтнинин талапкерлигин август айынын башында колдогон. 

Элчиликтин сайтына анын "Мен үчүн бай маданияты, укмуштай жаратылышы жана меймандос эли менен таанылган кадырлуу кыргыз жерине Америка элинин өкүлү катары кайтып келгенден өтөр чоң сыймык жок" деген сөздөрү жайгаштырыган. 

АКШ желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ сенаты Кыргызстандагы элчисине Шейла Гуолтнинин талапкерлигин колдоду
1999-жылдан 2002-жылга чейин Гуолтни айым Бишкектеги АКШнын элчилигинде дипломатиялык миссиянын башчысынын орун басары болуп иштеп кеткен.

Сайтта Ишеним грамоталарын президент Алмазбек Атамбаевге тапшырып өз ара өркүндөгөн болочокту куруу үчүн бирге иштөөнү Гуолтни айым чыдамсыздык менен күтүп жаткандыгын маалымдалган.

 Элчинин орду 2014-жылы мөөнөтү аяктаган элчи Памела Спратлендин кетиши менен бош калган. Ал АКШнын кызыкчылыгын Өзбекстанда коргомой болгон. 2015-жылдын февраль айында АКШнын КРдеги убактылуу элчиси болуп Ричард Майлз дайындалган

Февралда Шейла Гуолтниге карата Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги агреман берүүдөн баш тартканы боюнча маалымат ЖМКларга чыккан. Бирок министрлик бул маалыматты ошол эле күнү төгүндөгөн.

Шейла Гуолтни 1999-2002-жылдары АКШнын Кыргызстандагы элчилигинде жооптуу кызматтарды ээлеген. Үч континенттеги беш мамлекетте 25-жылдан ашык иштеген.

Ошондой эле Россияда алты жыл иштеп, АКШнын Санкт-Петербургдагы башкы консулу болгон. Кийин Москвадагы элчинин жардамчылык милдетин аркалаган. 2014-жылдын февраль айынын соңунда Россияга каршы санкциялар башталганда, ал АКШнын Россиядагы убактылуу элчиси болуп иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0