БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү боюнча документтерди ратификациялоо тууралуу нотаны Евразия экономикалык комиссиясы эмки жумада күтүп жатканын Sputnik агенттигине комиссиянын маалымат кызматынын өкүлү Марина Шкурлатова билдирди.
Анын айтымында, Астанадан бардык тийиштүү документтер келип, реестрге киргизилгенден кийин Кыргызстандын ЕАЭБ менен болгон чек аралары ачылды деп айтууга болот.
"Биз мунун баарын эмдиги аптада болот деп күтүп жатабыз. Тийиштүү документтер түзүлгөндөн кийин чек аралардын ачылышы тууралуу ой-пикир айтууга даярбыз", — деди ал.
Шейшемби күнү Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев акыркы болуп Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу тууралуу келишимди ратификациялады.
ЕАЭБ — евразиялык интеграциянын алкагындагы Россия, Казакстан жана Белоруссия кирген Бажы Биримдигинин негизинде түзүлгөн экономикалык биримдик.