БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Евразиялык экономикалык кеңеш кыргыз-казак чек арасы аркылуу товарлар жана транспорт каражаттары үчүн бажы көзөмөлүнүн тоскоолдугун алып салуу чечимин кабыл алды.
2014-жылдын май айында Россия, Белоруссия жана Казакстан Астанада ЕАЭБ түзүү жөнүндө келишимге кол коюп, ал 2015-жылдын 1-январында күчүнө кирген. Биримдикке үстүбүздөгү жылдын башында Армения да кошулган.
Өкмөт башчы Темир Сариев буга чейин Кыргызстандын ЕЭАБге кирген биринчи күндөн тарта эле чек арадан мигранттар ээн-эркин каттап, капиталдар жана товарлар тоскоолдуксуз ташылып өтө баштаарын айткан.
ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн экономикалык көрсөткүчтөрү
ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн экономикалык көрсөткүчтөрү