Атамбаев Москвага келип, андан ары Волоколамск шаарына кетти

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев Москвага бир нече саясий жана экономикалык иш-чараларга катышуу үчүн учуп келди.
Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев Москвага бир нече саясий жана экономикалык иш-чараларга катышуу үчүн учуп келди. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев Москвага бир нече саясий жана экономикалык иш-чараларга катышуу үчүн учуп келди.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Евразия экономикалык кеңештин жыйынына, КМШ мамлекеттеринин бейформалдуу жолугушууcуна катышуу үчүн иш сапар менен Москва шаарына учуп келди. Андан ары Москва облусунун Волоколамск шаарындагы Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун эстелигинин ачылыш аземине катышууга жөнөп кетти. 

Алмазбек Атамбаев учкучка отуруп аткан кези. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев менен чогуу Москвага учуп кеткен делегациянын курамы
Мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согуштун мезгилиндеги эски үлгүдөгү учактарды көрүп чыкты.

2015-жылдын 9-майында президент Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган иш-чараларга, анын ичинде Кызыл Аянттагы Жеңиш парадына катышат.

9-майда Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү күтүлүп жатат. Буга чейин Россия, Казакстан жана Белоруссия 2014-жылдын май айында Астана шаарында ЕАЭБди түзүү жөнүндө келишимге кол койгон. Ал 2015-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген. Армения да жыл башында аталган уюмга мүчө болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0