Генерикалык дарыларды Кыргызстанга алып келүүгө уруксат берилди

Жазылуу
Дары-дармектердин кээ бир түрлөрү кымбат болгонуна байланыштуу патент боюнча КР мыйзамына өзгөрүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн зарылчылыгы келип чыккан.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев генерикалык дары-дармектерди республикага алып кирүүгө уруксат берген КРдин патенттер жөнүндө мыйзамына өзгөрүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзамга кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.

Рак илдети – өлүм үчүн чыккан өкүм эмес
Мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарылчылыгы дары-дармектердин кээ бир түрлөрү кымбаттыгына байланыштуу киргизилген. Аталган мыйзамга киргизилип жаткан түзөтүүлөр Кыргызстандын рыногун арзан генерикалык (оригинал дармектерге аналогдор) дары-дармектери менен камсыз кылууга шарт түзөт.

Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 4-мартында кабыл алынган.

Мыйзам калктын саламаттыгы үчүн керектүү дары-дармектерди алууну камсыз кылуу максатында кабыл алынган жана расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Генерикалык дары-дармектер – оригинал дарылардын аналогдору.

Жаңылыктар түрмөгү
0