АКШ элчилиги дипломатиялык почта аркылуу келген жүк боюнча комментарий бербейт

© Sputnik / В. Киселев / Медиабанкка өтүүАКШ элчилиги дипломатиялык почта аркылуу келген жүк боюнча комментарий бербейт
АКШ элчилиги дипломатиялык почта аркылуу келген жүк боюнча комментарий бербейт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин "Дело№…" гезити Украинанын "Авиалинии Антонова" авиакомпаниясынын Ан-124 учагы март айынын аягында эки жолу "Манас" аэропортуна конуп, 152 тонна жүк алып келгенин жазып чыккан. Дипломатиялык почта деген статусу бар болгондуктан, ал жүктү текшерүүгө болбойт.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги дипломатиялык почта аркылуу келди делинген 152 тонна жүк тууралуу маалыматка комментарий бербей турганын элчиликтин маалымат кызматынын жетекчиси Жон Браун Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

"Деңиз мышыгы" Майлз бизге эмне алып келер экен? деген суроону берет серепчи
Буга чейин "Дело№…" гезити Украинанын "Авиалинии Антонова" авиакомпаниясынын Ан-124 учагы март айынын аягында "Манас" аэропортуна эки жолу конуп, жүк алып келгенин жазып чыккан. Дипломатиялык почта деген статусу болгондуктан, аларды текшерүүгө болбойт.

Басылманын жазганына караганда, учак Бириккен Араб Эмирлигинен жалпы салмагы 152 тонна "кандайдыр бир жүктү" алып келген.

Аталган гезит ошондой эле, дипломатиялык почта аркылуу каалаган нерсени, анын ичинен курал-жаракты да оңой эле алып келсе болорун жазат. Маалыматка ылайык, аталган жүктү элчиликтин 14 кызматкери жана Американын 3 жараны коштоп жүргөн. Аэропортко келген жүктү 6 жүк ташуучу машина менен ташып кетишкен.

Жума сайын чыкчу "Дело №…" гезити Украинадагы Американын элчилиги ушундай эле жүктөрдү алгандан кийин бул өлкөдө болгон башаламандыктарды эске салат.

"2013-жылдын ноябрында Украинадагы Майдан окуясы күч алганда америкалыктар Украинанын бийлигинен АКШнын Аскердик аба күчтөрүнө караштуу эки аскер-унаа учагын дипломатиялык жүктөр менен конушуна уруксат сураган", — деп жазат гезит. 

Кийин Украинанын Коопсуздук кызматы Виктор Янкувичке аталган жүк 60 миллион доллар салынган ящиктер экени жөнүндө маалымат беришкен. Дипломатиялык жүк келгенден кийин Майданда 20, 50 жана 100 доллар наркындагы жаңы акчалар пайда болгонун аталган гезит баса белгилейт.

2015-жылдын февралында АКШнын Кыргызстандагы убактылуу элчиси болуп Ричард Майлз дайындалган. Кыргызстан менен Грузиянын эксперттери бул дайындоо жөн жерден эместигин белгилеп, анын дайындалышы өлкөгө кооптуулук жаратышы мүмкүндүгүн айтышкан. 

Майлз Азербайжан, Белград жана Болгарияда элчи болгон. Ал ошондой эле 2003-жылдын ноябрында Грузияда "роза революциясы" деп аталган төңкөрүш болгон учурда АКШнын Грузиядагы элчиси болуп турган.

Жаңылыктар түрмөгү
0