БИШКЕК, 11-фев — Sputnik. Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова быйыл күзүндө боло турчу парламенттик шайлоого катыша турганын бүгүн Бишкектеги маалымат жыйында билдирди.
"2015-жылкы парламенттик шайлоого катышам. Ал эми президенттик шайлоону убакыт көрсөтөт", — деди ал.
Салянова ошондой эле, анын планында мамлекеттин келечегине күйгөн кишилерден турган партия түзүү бар экенин айтты.