Индира Жолдубаеваны парламент Баш прокурорлукка жактырды

Жазылуу
Депутаттар Индира Жолдубаеванын Баш прокурорлук кызматка бекитилишин көпчүлүк добуш менен колдошту.

БИШКЕК, 28-янв — Sputnik. ЖК депутаттары Индира Жолдубаеванын Баш прокурорлук кызматка бекитилишине макулдук берип, жашыруун электрондук түрдө берилген 105 добуш менен колдошту. Эки добуш каршы деп берилди.

Жолдубаеваны парламентарийлерге тааныштырып жатып президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарынбаев анын талапкерлиги прокуратура боюнча мыйзамдын талаптарга жооп берерин айтты. 

"Прокуратура боюнча мыйзамдарга – жаш курагы жана стажы боюнча талаптарга жооп берет. Президент тарабынан бул талапкер тыкыр карылды. Жолдубаева маселени ийне-жибине чейин ойлонуп, чечим чагарарда шашпайт. Ушул сапаттарын эске алуу менен сиздерге сунуштап жатабыз ", —деди Нарынбаев. 

Депутаттар тарабынан, талапкердин таасирдүү туугандык байланыштары туурасында суроолор берилди.

"Чолпон Баекова бир тууган таежеси, Аалы Карашов (КРдин Мамлекеттик кадр кызматынын директору – ред.) жездеси болот. Бирок, Индира Ырысбаевна өзү адистик сапаттары менен көтөрүлдү. Мен бул адам менен 4 жыл иштеп жатам. Туура эмес ишти эч ким мажбурлап кылдыра албайт, көзү жетмейин, көгөрүп тура берет", — деди Данияр Нарынбаев. 

Парламентарийлер анын кыргыз тилин билер-билбесине кызыгып, суроо беришти. 

"Практикам азыраак, муну билем, кемчиликти жоём. Тил боюнча эч кыйынчылыктар болбойт", — деди Жолдубаева.

Төрага Асылбек Жээнбеков Жолдубаева кыргызчаны жакшы эле билээрин айтты. 

"Кыргызчаны жакшы эле билет, апрель айында сиздердин алдыңыздарда отчет менен келет", – деди төрага.

Буга чейин Жолдубаеванын талапкерлиги ЖКнын тармактык комитеттерде жана фракцияларында каралып, жактырылган. 

Депутаттар эми анын талапкерлигин колдогон соң, президент анын Башкы прокурорлук орунга бекитүү үчүн атайын Жарлыкка кол коёт.

Жаңылыктар түрмөгү
0