Ниязалиеваны вице-премьерлик кызматка сунуштап жатышат

© Фото / пресс-служба ЖК КРАрхив: Дамира Ниязалиева
Архив: Дамира Ниязалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясы депутат Дамира Ниязалиеванын талапкерлигин социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр кызматына сунуштады.

БИШКЕК, 15 дек — Sputnik. КСДП фракциясы депутат Дамира Ниязалиеванын талапкерлигин социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр кызматына сунуштагандыгын фракциядан Sputnik маалымат сайтына билдиришти.

Архив: Эльвира Сариева - Sputnik Кыргызстан
Сариева: Билим берүү министрлигине талапкерлигимдин сунушталышы – мен үчүн сыймык
Буга чейин аталган кызматта турган вице-премьер-министр Эльвира Сариеванын талапкерлиги Билим берүү министрлигине сунушталгандыгы белгилүү болгон.

Дүйшөмбү күнү, 15-декабрда аталган фракция жабык жыйын өткөрүп, жыйынтыгында Ниязалиеванын талапкерлиги бир добуштан жактырылып, өкмөт башчысына сунушталды.

Өткөн жума күнү, 12-декабрда президент Алмазбек Атамбаев Канат Садыковдун отставкасын кабыл алып, кызматтан бошотуу боюнча Жарлыкка кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0