10:36 03 Бештин айы 2016
Түз эфир
Торага Жогорку Кенеша КР А. Жээнбеков встретился с председателем Совета Федерации ФС РФ В. Матвиенко

Жээнбеков менен Матвиенко миграция, ББга кирүү маселесин талкуулады

© Фото / пресс-служба ЖК КР
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө ниеттенүүдө (53)
20 0 0

Кыргыз парламентинин спикери Асылбек Жээнбеков менен РФтин Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жолугуп, миграция жана Бажы биримдигине кирүү маселелерин талкуулашты.

БИШКЕК, 28-ноя — Sputnik. КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Асылбек Жээнбеков Санкт-Петербург шаарында РФтин Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен бейшембиде миграция жана Бажы биримдигине кирүү маселесин талкуулады. Бул боюнча Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын Бажы биримдигине, андан кийин Евразиялык экономикалык мейкиндигине кошулуу максатында тийиштүү мыйзам долбоорлорунун биринчи пакети 3 окуудан өткөнүн, экинчи пакети 1-окууда жактырылганын айткан Жээнбеков аталган биримдиктерге кирүү процессинде Россия ар тараптан колдоп, финансылык көмөк көрсөтүп жатканын баса белгиледи.

Валентина Матвиенко Россия Кыргызстанды негизги стратегиялык өнөктөшү катары эсептээрин жана ар тараптан колдоого даяр экенин билдирди. Матвиенконун пикиринде, Бажы биримдиги жана Евразиялык экономикалык мейкиндиги мамлекеттер аралык кызматташуунун жаңы этабына жол ачат.

Жолугушууда Жээнбеков миграцияга байланышкан маселеге да көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Кыргыз жана орус өкмөттөрүнүн ортосундагы кыргызстандык эмгек мигранттарына карата жаңы макулдашуу жактырылганы үчүн Россия тарапка ыраазычылыгын билдирди.

Тема:
Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө ниеттенүүдө (53)
Белгилер:
Санкт-Петербург, Асылбек Жээнбеков, Россия, Валентина Матвиенко

ЭҢ МААНИЛҮҮ