10:40 03 Бештин айы 2016
Түз эфир
Зарубежные страны. Катар

Президент Атамбаев декабрдын башында Араб мамлекеттерине барат

© Sputnik / Виталий Белоусов
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
21 0 0

Президент Алмазбек Атамбаев Араб дүйнөсүнүн мамлекеттерине алты күндүк расмий сапар менен барып, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулайт.

БИШКЕК, 26 ноя — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Сауд Аравия Королдугуна, Бириккен Араб Эмираттарына жана Катар мамлекетине Кыргызстандын тарыхында жогорку деңгээлдеги биринчи жолку иш сапары менен барат. Бул туурасында президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. 

Атамбаев алгач, 2-4-декабрда Сауд Аравиясында болуп, аталган өлкөнүн жогорку жетекчилиги, жогорку кызматтагы адамдар менен саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу мамилелерди талкуулайт.

Андан соң, 4-7-декабрда Бириккен Араб Эмираттарында, 7-8-декабрда Катар мамлекетинде болуп, эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү делген маселелерин талкуулайт. Сапарынын алкагында соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган эки тараптуу документтерге кол коюу болжолдонууда.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү аталган иш сапар эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнө жаңы дем берүүгө багытталгандыгын билдирди.

Белгилер:
Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Аравия, Катар, Алмазбек Атамбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ