00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
После Олимпиады в Париже: как развивается стрелковый спорт в Кыргызстане
08:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
2025-жылдагы геосаясий абал: дүйнөдөгү негизги окуялар жана Кыргызстанды эл аралык уюмдардагы төрагалыгы, орду кандай болду?
09:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Современная армия: как в Кыргызстане меняют систему военного образования
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Акысыз юридикалык жардам: жарандардын укугун коргоо жана жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБде өнөр жайды колдоо: Кыргызстандын компаниясы каржылык субсидия алды
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Штрафы, онлайн и новые продукты: как изменился страховой рынок КР за год
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын аскердик билим берүү системасы: бүгүнкү абал жана өнүгүү багыттары
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Жеке мектептерге лицензия эми толугу менен онлайн берилет — убакыт жана чыгым үнөмдөлөбү?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Окумуштуу, дарыгер, академик: Санжарбек Данияровдун ишмердиги
17:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Спорттук психология — машыктыруучу менен спортчунун мамилеси кандай болушу керек?
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жеке мектептерге лицензия эми толугу менен онлайн берилет — убакыт жана чыгым үнөмдөлөбү?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Саламаттыкты сактоо министри ишин дубандардагы ооруканалардан баштады

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Жоомарт Оторбаев саламаттыкты сактоо боюнча жаңы министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды.
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев саламаттыкты сактоо боюнча жаңы министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жоомарт Оторбаев жаңы ден соолук министринен эл аралык клиникалардагы менеджменттин тажрыйбаларын Кыргызстанда пайдаланаарына ишеним артты.

БИШКЕК, 11-ноя — Спутник Кыргызстан. Кыргызстандын саламаттыкты сактоо боюнча жаңы министри эки жумадан кийин тез арада чече турган маселелердин планын алып чыгат. Бул туурасында ал премьер-министр Жоомарт Оторбаев кабыл алганда айтты. 

Жаңы министр менен өкмөт башчысы аталган министрликтин жакынкы арада жасай турган иштерин талкуулады. Андан сырткары келечектеги пландар туурасында да кеп болду. 

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев саламаттыкты сактоо тармагына каралган каражаттарды майнаптуу колдонуу зарылдыгына басым жасады. 

"Социалдык тармакка, анын ичинен саламаттыкты сактоо тармагына республикалык бюджеттен арбын акча бөлүнөт, бирок, ал бардык муктаждыктарды жапканга жетпейт. Анткен менен колдо болгон акчаны чыгымды карап, майнаптуу пайдалануу зарыл. Менеджменттин тажрыйбалары жакшы колдонулган клиникаларда иштеген тажрыйбаңыз биздин саламаттыкты сактоо тутумундагы көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет деп ишенем", — деди Оторбаев. 

Министр Талантбек Батыралиев премьер-министрге республиканын бардык облустарын кыдырып, ооруканалардын, бейтапканалардын жана фельдшердик – акушердик пункттардын абалы менен таанышып чыккандыгын айтты. 

"Дубандарды кыдырып чыккандан кийин биринчи кезекте чече турган иштерди аныктадым. Эки жумадан кийин тез арада чечиш керек деген маселелер боюнча жасай турган иштер боюнча планымды алып чыгам ", — деди Батырлиев. 

Профессор Талант Батыралиев дүйнөдөгү алдыңкы беш мыкты кардиологдордун бири. Түркиядагы мыкты деген кардиоклиникалардын бири — "Санко" ооруканасын жетектеген. 

АКШнын Ангиология колледжинин, Инвазивдик ыкма менен иштеген Кардиология боюнча дүйнөлүк академиянын, европалык кардиологдор коомунун мүчөсү. АКШдагы Universal Award of Accomplishment (ABI USA) илимий сыйлыгынын ээси.

Жаңылыктар түрмөгү
0