10:34 03 Бештин айы 2016
Түз эфир
Кыргызстанда биометрикалык маалыматтарды чогултуу улантылууда

Айылдарда биометрикалык маалымат чогултууга экиден киши тартылат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков.
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Калктын биометрикалык маалыматын чогултуу жараяны кызуу жүрүүдө (64)
23 0 0

Жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо 2015-жылдын 1-августуна чейин аякташы керек. Учурда Кыргызстандын бардык аймактарында биометрикалык маалыматтарды топтоо жараяны кызуу жүрүүдө.

БИШКЕК, 3-ноя — Спутник Кыргызстан. Биринчи-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кабарлагандай, ар бир айылда биометрикалык маалыматтарды чогултууга экиден киши тартылат. Тизмелерди райондордун акимдери айыл өкмөт башчылары менен чогуу түзөт. Биометрикалык жабдуулар бардык почта түйүндөрүндө орнотулат.

Андан сырткары биометрикалык маалыматты чогултуу жараяны маалында Бишкек шаарынын чет жакасындагы жаңы конуштардагы аты жок көчөлөр аныкталат. Борбор калаада жергиликтүү калктын биометрикалык маалыматын чогултуу үчүн 40 стационардык пункттар даярдалды.

Жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо 2015-жылдын 1-августуна чейин аякташы чыгышы керек. Өлкө боюнча болжол менен 3 миллион 641 миң адамдан өздүк маалыматтар алынат.

Тема:
Калктын биометрикалык маалыматын чогултуу жараяны кызуу жүрүүдө (64)

Тема боюнча

Биометрикалык маалыматтарды Кыргызстандын компаниялары чогултат
Биометрикалык маалыматтарды чогултуу жараяны улантылууда
Белгилер:
Тайырбек Сарпашев, Паспорт, Жарандык, Биометрикалык маалымат

ЭҢ МААНИЛҮҮ