Ага ири компаниялардын, мамлекеттик, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдардын миңдей өкүлү катышты. Ошондой эле жетим балдар, студенттер, мектеп окуучулары, спортчулар да болду.
Жарандар "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине жөө жүрүш жасап, 7-апрелде жана Үркүндө каза болгондорду эскерип, гүл чамбар коюшту.
Бул иш-чара Тарых жана маданият жылына арналып, мүмкүнчүлүгү чектелгендердин бир айлыгынын алкагында өткөрүлдү.

Жөө жүрүш Таш-Дөбө айылында башталды

Жүздөгөн киши "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейин жөө келишти

Кол сунуу

Кишилер колдоруна транспаранттарды көтөрүп алышкан

Майрамдык иш-чарага миңдей киши катышты

Мемориалдык комплекстин алдынан аларды Улуттук гвардиянын аскерлери тосуп алды

Чогулгандардын алдында депутат Дастан Бекешев сөз сүйлөдү

Бул иш-чара Тарых жана маданият жылына арналды

Келгендер 7-апрелде каза болгондордун жаркын элесин эскерип, гүл коюшту

Иш-чаранын аягында маркумдарга арналып куран окулду
